Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

УКМК жана ИИМ он эки хизбутчуну колго түшүрдү


Бул тууралуу Улутук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. «Хизб ут-Тахрирдин» тарапкерлерин колго түшүрүүдө компьютер, ксерокс машина, радикалдуу диний мазмундагы адабият, баракчалар тартылып алынган. Ошондой эле көмүскө иш алып барган хизбутчулар типографиясынын иши токтотулду. Теологиялык экспертизанын алдын ала жыйынтыгы тартылып алынган китеп, баракчаларда Башмыйзамга каршы келе турган, улут аралык жаңжал тутантчу чакырыктар бар экенин көрсөттү. Андыктан кармалган он эки хизбутчунун үстүнөн Кылмыш-Жаза Кодексинин 297, 299-беренелери боюнча кылмыш иши козголот. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG