Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Парламент бир акжолчуга кемиди


Боршайком бүгүн “Ак Жол” фракциясынан депутат Советбек Сакебаевдин депутаттык ишмердигин мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечимин чыгарды. Депутат Сакебаевдин Жогорку Кеңештеги ордун “Ак Жол” партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер Олег Покусаев басты. Бүгүн БШКда жаңы депутатка күбөлүк жана парламентарийдин төш белгисин тапшырышты. “Ак Жол” фракциясынан депутат Динара Молдошеванын маалымдашынча акжолчу Советбек Сакебаев ден-соолугуна жана бизнес жаатындагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу мандатын тапшырды. (EK)

XS
SM
MD
LG