Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:13

ЕККУ сөз эркиндиги жана журналистика боюнча жыйын курат


ЕККУ Борбор Азиядагы сөз эркиндиги жана журналистика боюнча 11-жыйынын 15-16-октябрда Бишкекте өткөрөт. Жыйында аймактагы журналисттер коопсуздугу, абалы талкууга коюлат. Ошондой эле маалыматтык-коммуникация технологиясы өнүккөн бүгүнкү заманда калем ээлеринин кесиптик деңгээлин көтөрүү маселелери козголот. Жыйын катышуучулары тажрыйба алмашып, эл аралык жана жарандык коом өкүлдөрү атайы баяндамалары менен чыгышат. Иш-чара соңунда жыйын катышуучулары декларация кабыл алышы күтүлүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG