Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

Армениянын президенти Түркияга баратат


Серж Саркисян Анкарада дипломатиялык алакаларды калыбына келтирүү боюнча тарыхый келишимге кол коюлгандан кийин болмокчу. Саркисян түрк президенти Абдулла Гүлдүн Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо берилүүчү матчтын экинчи айлампасын көрүп кетүү сунушун кабыл алгандыгын билдирди. Түрк-армян командаларынын биринчи беттешүүсүн былтыр Гүл Ереванда көргөн болчу. Эки өлкө өткөн ишембиде дипломатиялык алакаларды калыбына келтирип, орток чек араларын ачуу тууралуу келишимге кол коюшкан. Ошону менен Биринчи Дүйнөлүк согуштун мезгилиндеги армяндардын осмон түрктөрү тарабынан кырылышынан келип чыккан бир кылымга чукул созулган касташууга соңку чекит коюлду, бирок макулдашуу эки өлкөнүн парламенттери жактыргандан кийин гана күчүнө кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG