Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Нарын: Өлүм жазасын кайтаруу маселеси талкууланды


Талкууга катышкандардын басымдуу бөлүгү өлүм жазасын кайра калыбына келтирүү менен кылмыштуулук азаят дешсе, каршы тарап алсыз мамлекет гана өлүм жазасын киргизет деген пикирлерин билдиришти. Нарын шаарынын прокурору Майрамбек Акматалиев кылмышкерлер үчүн учурдагы жаза берүүчү мыйзамдар өтө эле жумшактыгын белгилесе, 4-СИЗОнун жетекчиси Талант Акматов менен №51 өндүрүш аймагынын жетекчиси Талант Нуралиевдер өмүр бою эркинен ажыратылгандар абакта зоболосу бийик болуп, аларды кармоого шарт түзүлбөгөнүн айтышты. Нарын облустук жазык аткаруу инспекциясынын жетекчиси Рахатбек Абдылдаев кылмышкерлерди өлүм жазасы менен коркутпастан, алар менен психологдор иштөө зарылдыгына токтолду. Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү Бакыт Ырысбеков өлүм жазасы саясий курал катары пайдаланылып кетүү коркунучу бар экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG