Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Жалал-Абадда өндүрүштүк кырсыктан беш адам көз жумду


Жалал-Абад аймактар аралык техникалык инспекция өткөн токсон күндүктө жети ирет өндүрүштүк кырсык катталганын билдирди. Беш окуя адамдардын өлүмү менен коштолгон. Калган эки кокустуктан да кишилердин чоң тобу жабыр тарткан. Аталган инспекциянын текшерүүсү менен кырсык катталган мекеме-ишканалардын башчылары акчалай айып тартышты. Өндүрүштүк кырсыктар жумушчулар ишке кабыл алынганда, жумуш маалында техникалык коопсуздукту сактоо боюнча аларга жетиштүү маалымат берилбегендиктен келип чыкканы аныкталды (YA)

XS
SM
MD
LG