Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды


Нобел сыйлыгынын экономика боюнча быйылкы ээлери
Нобел сыйлыгынын экономика боюнча быйылкы ээлери

Экономика боюнча Нобель сыйлыгына быйыл экономикалык башкаруу тармагындагы изилдөөлөрү үчүн америкалык эки окумуштуу татыктуу болушту.

Нобель комитети америкалык экономисттер Элинор Остром жана Оливер Уильямсон экономикалык башкарууну уюштуруу тармагындагы изилдөөлөрү үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу деп чечти.

Остром сыйлык тапшырылып келаткан 1969-жылдан бери ага арзыган алгачкы аял экономист болуп калды.

Нобел комитетинин ырастоосунда, эки окумуштуу экономикалык анализдин социалдык түзүлүштүн көпчүлүк формаларын түшүнүүгө кошкон салымын көргөзө алышты.

Остром бир топтун ээлигиндеги же көзөмөлүндөгү мүлктү башкаруу ыкмаларын анализдеп чыккан. Анын изилдөөсү коомдук мүлк начар башкарылат, аны менчик колго же борбордук бийликке өткөрүп берүү оң деген жалпы көз караш жаңылыш экенин далилдейт.

Уильямсон коммерциялык компаниялардагы башкаруунун чек араларын, иерархиясын анализдеп чыккан.

Башкаруу меселесине глобалдуу финансылык кризис тушунда өзгөчө маани берилип келатат. Ири корпорациялардын жетекчилери чоң өлчөмдөгү бонус же сыйлык алып жатышканы туш тараптан сынга кабылууда.

Быйыл Нобел комитетине экономика боюнча лауреаттарды тандоо оңой болгон жок. Соңку 70 жылдардан берки эң ири экономикалык кризистен улам, рецессиянын белгилерин алдын ала чечмелей албаган экономисттерге ишеним төмөндөдү. Позитивдүү жемиш бербеген изилдөөлөр үчүн кимдир бирөөгө сыйлык ыйгаруу орунсуз иш катары бааланмак.

Экономика боюнча сыйлык дайыма эле эң талаштуу болуп келген. Себеби лауреаттар көпчүлүк убакытта жалаң экономика менен алектенбестен, коомдук-саясий иштерге да аралаша калышат.

Алсак, былтыркы жеңүүчү АКШлык Пол Кругман Принстон университетинин профессору катары гана эмес, “Нью-Йорк таймс” гезитинин либералдуу аналитиги катары консерваторлордун дарегине айтылган сын пикирлери менен таанылган. Кээ бирлер ал Нобель сыйлыгынын баркын кетирди деп айыпташууда.

1976-жылкы лауреат Милтон Фридман Чилиде сабак берип жүргөн кезинде диктатор Аугусто Пиночет менен жолуккандыгы үчүн бир топ сынга кабылган. 1990-жылы сыйлык Шарп жана Марковиц деген изилдөөчүлөргө тапшырылган. Айрым сынчылар болсо алардын теориясы 1987-жылы фондулук биржалар кыйраганда эле кудуретсиздигин көргөзгөн дешет.

Нобель сыйлыгы физика, химия, медицина жана физиология, экономика, адабият жана тынчтыкты коргоодогу жетишкендиктер үчүн жыл сайын ыйгарылат. Сыйлыкты швециялык илимпоз Алфред Нобель 1895-жылы негиздеген.

Адегенде анын каалосу менен түзүлгөн тизмеге 5 тармак гана камтылган. 1969-жылы болсо Швеция банкынын демилгеси менен ага экономика кошулган.

Ушуну менен быйылкы лауреттардын бардыгы белгилүү болду. Жеңүүчүлөргө дипломдон тышкары 10 миллион швед кронасы же 1 миллион 400 миңдей доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылат. Ал азем салт боюнча Нобелдин өлгөн күнү – 10-декабрда Стокголм менен Осло шаарларында өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG