Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Балыкчы окуясы боюнча арыз облсотко жөнөтүлөт


Балыкчы окуясы боюнча сотко ишеним көрсөтпөө жана бул ишти Ысык-Көл облустук сотунда кароо тууралуу жактоочулардын арызы бүгүн Караколго облсотко жөнөтүлөт. Бул тууралуу Балыкчы шаардык сотунан билдиришти. Ал эми жактоочу Сартбай Жайчыбеков болсо 23-июлдагы Президенттик шайлоодо кармалып, айыпталып жаткан адамдарга соттук тергөөдө сот учурунда 104 укук бузган процессуалдык чектен чыгуулар болгондугун билдирди. Анын айтымында, 4 жолу соттун төрагасынан баш тартуу көрсөтүлгөнү менен бирок ал өтүнүч канаттандырылган жок, эки жолу прокурорго баш тартуу көрсөтүлүп бири канаттандырылып, экинчиси канаттандырылган эмес.
Ошондой эле ал 23 –июлдагы Президенттик шайлоого карата Балыкчы шаарында болгон нааразычылыкты күч менен басуу максатында козголгон № 117 -09 -132 сандуу кылмыш иш боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 139-беренеси менен (Шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылуу), 233-беренеси менен (коомдук баш аламандыкты түзүү), 297-беренеси менен (Өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө болгон аракет же күч менен өзгөртүү) 19 адам жоопко тартылганын белгиледи.
Балыкчы шаардык укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бул иш мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатканын айтышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG