Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

ЖК комитетинде спорт мектебиндеги абал талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңештин Жаштар, гендердик саясат, дене-тарбия жана спорт боюнча комитетте Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык спорт мектебинде болуп өткөн окуяга байланыштуу маселе каралат. Белгилүү болгондой 28-сентябрда №38 мектеп-гимназиясы менен олимпиадалык резерв мектебинин окуучуларынын ортосунда жаңжал чыгып, ал милициянын күчү менен басылган.
Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 7-октябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында “олимпиадалык спорт мектеби кылмыш дүйнөсүнүн Бишкектеги төбөлүнүн көзөмөлү алдында турат",-деп билдирген. Спорт мектебинин директору
Кадырбек Эргешев болсо аталган мектептин балдары кылмыш чөйрөсүнө аралашпагандыгын, алардын атын сатып, жаманатты кылган өспүрүмдөр шаарда бар экендигин “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG