Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

Нарында немис тил жумалыгы башталат


Иш-чараны Алматыдагы Гете институ жана Кыргызстандагы Германиянын элчилиги Нарын шаарындагы №2 мектеп менен биргеликте уюштуруп жатат. Жумалык бүгүн кечинде салатанаттуу жыйын менен башталып 16-октябрга чейин созулат. Ал Германиянын биригишинин 20 жылдыгына арналып, “Тынчтык ыңкылабынан Германиянын биригүүсүнө чейин" деп аталган сүрөт көргөзмө уюштурулат, тасмалар көрсөтүлүп, ар кандай сынактар болот. Кыргызстандагы немис элчилигинин маалымдашынча, Нарындагы №2 мектеп Алматыдагы Гете институттун өнөктөшү болуп саналат. Аталган мектеп былтыртан бери “Мектептер: келечектин өнөктөштөрү” (PASCH) деп аталган Германиянын эл аралык долбооруна кошулган. Бул долбоорго дүйнө жүзүнөн немис тили окутулган миңден ашуун мектеп кирген. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG