Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

Ага Хан тоолуктарга кредит берүүнү көбөйтөт


Ханзаада Карим Ага Хан IV бүгүн Бишкекте президент Курманбек Бакиев менен жолугушууда Кыргызстандын тоолуу аймактарынын тургундарына кредит берүүнү көбөйтүү үчүн каржы корпорациясы түзүлөрүн маалымдады. Нарындагы аба майданды оңдоп, аталган кордун академиясы салынарын билдирди. К. Бакиев өз кезегинде Ага Ханга Кыргызстанга берген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргыз өкмөтү Ага Хандын өнүктүрүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аракеттерин улантарын баса белгиледи. Президентин маалымат кызматынын билдиришинче, өлкө башчысы айрыкча Ага Хан кору тарабынан Нарында Борбор Азия университетинин курулуп жатканыны өзгөчө маани берди. Учурда ага Хандын өнүктүрүү тармагы боюнча Кыргызстанда билим берүү, жакырчылык менен күрөшүү, экономикалык өнүктүрүү, каржылоо, медицина жана салттуу музыканы өнүктүрүү боюнча программалар ишке ашырылып жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG