Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Балыкчы окуясы боюнча БЭК президентке кат жолдойт


Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) өкүлү Азимбек Бекназаров аталган кыймыл өлкө башчысына Балыкчыда президенттик шайлоо күнү кармалгандар боюнча ачык кат даярдаганын билдирди. Камакка алынгандардын иши боюнча соттук териштирүү мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын, президент Конституциянын кепили катары алардын укукгун коргоо үчүн чара көрүшү керектигин айтты. А. Бекназаров БЭК апрель айынан бери президент менен жолугушууга аракет кылып, бирок ар кайсы себептерден улам ишке ашпай жатканын баса белгиледи. Өлкө башчысы соңку кайрылуусунда өлкөдөгү ар кандай күчтөр менен жолугуп конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген болчу. 23-июлда президенттик шайлоо күнү Балыкчыдагы тополоңдо 19 адам камакка алынган. Аларга массалык баш аламандык уюштурууга аракет жасады, шайлоого тоскоол кылды, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирди деген айыптар тагылууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG