Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

АКШ менен Орусия Иран боюнча чогуу иштешет


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Ирандын өзөктүк программасы боюнча тиреште Орусия «өтө жардамдаш» болгондугун билдирди. Мамкатчы Москвада бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшкөндөн кийин кабарчылардын суроолоруна жооп берди:

– Ирандын өзөктүк программасы олуттуу тынчсызданууну жаратып келатат. Бул жаатта биз Орусия менен алты тараптуу жараянда чогуу иштешип келатабыз. Биз Женевада 1-октябрда иштиктүү жолугушуу өткөргөн элек. Биз Ирандын өзөктүк кубатты тынчтык максатта гана пайдаланары шексиз далилденгенге чейин Тегеран биз менен кызматташ болушун кепилдөө үчүн аракеттенип жатабыз.

Клинтон Иранга каршы санкция киргизүүгө мезгил келе электигин, азыр дипломатияга артыкчылык берерин кошумчалады. Лавров өз кезегинде санкция менен коркутуу сыяктуу кысым тескери натыйжа берерин белгиледи. Лавров да, Клинтон да декабрь айында мөөнөтү бүтүп жаткан Кансыз согуштан калган өзөктүк куралдарды кыскартуу келишимин жаңысы менен алмаштырууда жылыш бар экендигин бышыкташты. Клинтон эки өлкөнүн ортосунда айырмачылыктар кала берип жатканы менен, тараптар өз ара сыйлашуу жолунда экендигин билдирди. Орусияга кечээ келген Клинтон бүгүн президент Дмитрий Медведев менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG