Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:51

Четжердик кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү


Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, Чоң-Алай өрөөнүндөгү Дароот-Коргон кыштагында Кыргызстандын Чоң-Алай жана коңшу Тажикстандын Жерге-Тал райондорунун жетекчилери жолугушту. Кездешүү убагында аймактагы соода-сатык, автожол курулушу, экономикалык, маданий жана агартуу тармактарындагы карым-катнаш маселелери кеңири талкууланды. Мындан тышкары жергеталдык кыргыздарга бир миллион сомдук гуманитардык жардам, тактап айтканда, окуу куралдары жана көркөм адабияттар тапшырылды. Ушул күнү кол коюлган келишимге ылайык эки тарап аталган өңүттөгү мамилелерди чыңдоого милдеттендирилди. Анткени менен Ош жергесинде байырлап жаткан четжердик кыргыздар эки күндүк иш-чара маселени биротоло чечпестигин, сыртта жашаган кандаштар түпкү Атажурттун ырааттуу жана ар дайым көңүл буруусуна өзгөчө муктаждыгын айтышты. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG