Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Өкмөт башчы бүгүн ШКУнун жыйынына катышат


Премьер-министр Игорь Чудинов бүгүн Кытайдын баш калаасы Бейжинде өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Андан сырткары өкмөт башчы ШКУнун алкагындагы соода-өнөр жай форумуна катышат. Маалыматтарга караганда иш сапары учурунда И.Чудинов Кытайдын төрагасы Ху-Цзинтао баштаган бир катар мамлекеттик жетекчилер менен жолугушат. Премьер-министр ошондой эле Кытайдын темир жол министри жана “China road” компаниясынын жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташууларды талкуулайт. (AJ)

XS
SM
MD
LG