Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Эркин Бөлөкбаев коомдук жактоочулары менен жолукпай калды


Бөлөкбаевдин коомдук жактоочусу Каныбек Сарымсаковдун айтымында, алар бул жолу "Жашылдар" партиясынын лидери менен эртеңки Петровкада болчу сот процессине даярдык көрүү максатында жолугушмак. Бирок бүгүн убактылуу кармоочу жайдын жетекчисинин орун басары “менин мыйзамымда коомдук жактоочу деген түшүнүк жок” деп, аны сыртка сүйрөп чыгартып салган. Буга чейинки 4 ай ичинде мындай жолугушуулар бир нече жолу болгон. Бирок убактылуу кармоочу жайдын жетекчисинин орун басары бул жолку киргизбей коюусунун себебин “мен буга чейин силерди киргизип мыйзам бузуп келгем. Бүгүн аны бузбайм” деп түшүндүргөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG