Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

“Курманбек” каналына каражат тартыш


Сузак районундагы аталган каналдын экинчи бөлүгүнүн курулушун улантууга каражат жетишсиз болууда. Курулуштун куурлары үчүн 65 миллион сом зарыл. Айыл-чарба министрлигинин суу чарба департаменти бөлгөн 33 миллион сом Кытайдан суу куурларын сатып алууга аздык кылууда. “Курманбек” каналы ишке киргенде райондун Көк-Арт өрөөнүндөгү миңдеген гектар аянтты суу менен камсыз кылып, эгин өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Президенттик шайлоо алдында Жалал-Абад шаарында өткөн жолугушууда маселе көтөрүлгөндө, өлкө башчысы К.Бакиев президенттик кызматынын экинчи мөөнөтү аяктагыча каналды бүтүрүүгө убада берген. Канал ал Жалал-Абад облусунда губернатор болуп турган мезгилде башталган. Курулуштун үч бөлүгүнүн жалпы долбоору 500 миллион сомго барабар. (YA)

XS
SM
MD
LG