Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Ө.Чотонов: Кыргызстанда үй-бүлөлөр идеалдуулуктан алыс


Мындай оюн “Дил мүрөгү” адеп-ахлактык жана маданият борборунун жетекчиси Өзүбек ажы И. Арабаев атындагы университетинде өткөн “Каада салттар жашоонун эрежелери” аттуу семинарда билдирди.

Семинарда “Дил мүрөгү” борбору тарабынан иштелип чыккан азыркы үй-бүлөнүн схемасы көрсөтүлдү. Анда эркек үчүн эң кымбаты аялы, андан кийин балдары, андан кийин ата-энеси болсо, аял үчүн эң кымбаты балдары, андан кийин күйөөсү, кайната-кайненеси такыр карабайт делсе, балдары энесин жетишсиз карап, атасын андан да аз сыйлап, чоң ата, чоң энеси менен иши жок эрке өсөрү көрсөтүлгөн.

Өзүбек ажы учурдагы ааламдаштыруу адамдарга терс таасирин тийгизип, Батыштан келген маданият жаштарыбыздын аң-сезимин, кабыл алуусун өзгөртүп жаткандыгын, муну менен кыргыздын каада салтынын эң негизги бөлүгү болгон үй-бүлө баалуулугунун жоголуп бара жаткандыгы айтылды. Бул маселе жаштардын талкуусуна алынды. Семинарга «Дем Нур» медициналык борборунун жетекчиси, нарколог Шайлообек Өмүралиев, И. Арабаев атындагы КМУнун тарбиялык иштери боюнча проректору Тууганбай Коңурбаев, «Манас жаңырыгы» телекомпаниясынын жетекчиси Темирбек Токтогазиев, КМУнун профсоюздук комитетинин жетекчиси Эрмек Бектуровтор катышты. (AzK)

XS
SM
MD
LG