Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:52

И.Исаковго байланыштуу сот 19-октябрда уланат


Адвокат Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаковго байланыштуу бүгүнкү соттук териштирүүдө айыптоочу тарап алып келген күбөлөр суралды. Алар Исмаил Исаков Коргоо министри болгон кезде майрамдарды белгилөөгө бөлүнгөн каражаттар тууралуу маалымат беришти. Өз кезегинде адвокат келерки соттук териштирүүгө Коргоо министрлиги уюштурган фуршеттерге катышкан Башкы командачы- Президент, Мамлекеттик катчы, Башкы прокурорду күбө катары сотко чакыруу талабын койгону жатат. Соттук териштирүү келерки дүйшөмбү күнү улантылат.
Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго кызмат абалынан пайдаланган, бюджеттик каражатты максатсыз сарптаган деген айыптар коюлуп, үч кылмыш иши ачылган. Кылмыш иштер Исмаил Исаков президенттин ички жана саясатына макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошотуу тууралуу өткөн жылы 10-октябрда арыз жазгандан кийин козголгон. Козголгон кылмыш иштерин Бишкек шаардык гарнизондук соту быйыл жыл башынан тарта карай баштаган. Соттук териштирүүлөр жүрүшүндө И.Исаков жана анын адвокаттары судья Жакыпбек Бектемировго ишеним көрсөтпөй турганын жарыялаган. Бул арызды Жогорку Сот колдоп берген. Ошондуктан 9-октябрдан тарта Исаковго байланыштуу ишти жаңы судья карай баштады.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG