Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Бээжинде Шанхай кызматташтык уюмунун саммити аяктады


Бээжинде Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жыйын өткөрүштү. Анын катышуучулары өз ара экономикалык кызматташууну тереңдетүүгө убада кылышты. 2001-жылы түзүлгөн уюмга Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан кирет. Монголия, Иран, Индия жана Пакистанга байкоочу статусу ыйгарлыган. Кытайдын премьер-министри Вен Жибао көп тараптуу экономикалык кызматташуу, финансылык кризиске туруштук берүү жана экономикалык өсүштү камсыздоо чараларынын долбоорун макулдашышканын билдирди. Орус расмий адамдарынын ырастоосунда, Ооганстандагы кырдаал да сөзгө алынды. Ооганстан жыйынга конок катары катышты. Кечээ болсо Россия менен Кытай жалпы көлөмү 3,5 миллиард долларды түзгөн экономикалык кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коюшту.

XS
SM
MD
LG