Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Президент укук коргоо органдарына талап койду


Президент Курманбек Бакиев 14-октябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын 70 жылдык мааракесине арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө укук коргоо органдарын кош бойлуу аялдардын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин аягына чылгарууну талап кылды. Анын айтымында, “Бишкектеги перинаталдык борбордо кыска аралыкта эле төрт кош бойлуу аял, ал эми 8 ай ичинде Ош облусунда 21 аял кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин каза тапкан. Медициналык мекемелердин жетекчилерин кызматтан алууну сунуштоо, бул фактылар боюнча кылмыш ишин козгоо менен каза тапкандардын күйүтүн жеңилдете албайбыз”,-деди Бакиев. (AJ)

XS
SM
MD
LG