Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Гигиенаны сактасаң чочко ылаңы жолобойт


Дүйнөлүк кол чайкоо күнү бүгүн 80ге жакын өлкөдө, алардын ичинде Кыргызстанда да белгиленип жатат. ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаш балдардын өлүмү кыскарбай келет. Бүгүнкү күндө ичеги карды инфекциялары, ошол эле диарея жаш балдардын ден соолугуна өзгөчө коркунучту жаратат. Ошондуктан бүгүн дүйнө жүзү боюнча тамак алдында, дааратканадан кийин сөзсүз түрдө кол жууганга үндөгөн чакырыктар жаңырат. Колду самын менен таза жууп туруу аркылуу диарея илдетин 40 пайызга кыскартуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары бул ыкма азыркы күндүн коркунучтуу илдети аталган чочко ылаңынан оолак болуунун бирден бир жолу болуп саналат. Дүйнө жүзү боюнча күн сайын ичеги карды инфекцияларынан 4000дей бала көз жумат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG