Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

Жалал-Абадда элеттик аялдар күнү өттү


Облбийликтин залында болгон аялдарды куттуктаган губернатор Кошбай Масиров бийликке умтулган «Хизб-ут-тахрир» уюму максатына жетпей турганын билдирди. Анын белгилешинче, Пакистан, Сирия, Аравия өңдүү чет өлкөдөн таалим алган дин үгүтчүлөрүнө (дааватчыларга), жергиликтүү чала молдолорго ишеним жок. Башка өлкөдө 18 жыл болуп, адамды мыкаачылык менен өлтүргөн жашыруун партиянын мүчөсү соттолгондон кийин Арстанбап жана Достук айылдарында “Хизб-ут-тахрирдин” таасири басаңдады. Динчилдикке берилген өзбек аялдарынын хижаб кийип, медреседе окууру, 9-классты бүткөн өзбек кыздарды күйөөгө берүү окуялары тынчыздантат. Саясий талдоочулар бийлик менен кадим турмушта аялдар экинчи орунда каларын, облустагы жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда кыз-келиндердин саны 3 пайызга төмөндөгөнүн айтышты. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG