Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Жалал-Абадда өзбек улуттук театры ачылды


Театр чыгармачыл алгачкы чыйырын кечээ “Тузак” аттуу драмасын облустук кыргыз театрында көрсөтүү менен баштады. Репертуарында эки кыргыз драмасы да болгон театрдын ачылышын маданият министринин орунбасары Орозбек Айдаров, губернатордун орунбасары Дамира Алимжанова куттуктады. Өзүнчө имараты жок театр, оюндарды өзбек улуттук маданий борборунун клубунда даярдайт. Артисттерди маяна жана атайын унаа менен белгилүү ишкер жана ЖКнын экс-депутаты Кадыржан Батыров каржылоодо. Жалал-Абат шаар бийлигине театр имараты үчүн жер бөлүү маселеси коюлган. (YA)

XS
SM
MD
LG