Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

“Кыргызгаздын” жетекчиси Өзбекстандан келди


“Кыргызгаздын” маалымат катчысынын билдирүүсүнө караганда, 14-октябрда Өзбекстанга кеткен “Кыргызгаздын” жетекчиси Саламат Айтикеев бүгүн эрте менен Бишкекке кайтып келди. Анын Ташкендеги сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында түштүк регионго газ толук бериле баштады жана карыздарды төлөөнүн графиги бекитилди. “Кыргызгаздын” Өзбекстанга карызы 19 миллион доллар болгон. Анын ичинен 4 миллион 600 миң доллар төлөнгөн. Жакынкы күндөрү дагы 1 миллион доллар төлөнмөкчү. (AiT)

XS
SM
MD
LG