Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

“Ата Мекен” партиясы билдирүү менен чыкты


Партия лидери Өмүрбек Текебаевдин бүгүнкү “Азаттыка” билдирүүсүнө караганда, Камбар-Ата ГЭСтерин сатуу жана күрөөгө коюуга жол ачкан мыйзамдын кабыл алынышы менен Кыргызстандын ГЭСтерин, табийгий байлыктарын жеке колго өткөрүүгө аракет башталды. Өнүктүрүү фондунун түзүлүшү менен паралелдүү өкмөт түзүлүп, ал фонддон өкмөт башчы Игорь Чудинов акча сурап калды. Өнүктүрүү фондуна Россиянын насыясынан сырткары Кумтөр, Жерүй алтын кендеринен, АКШдан түшө турган акча да берилет. Мына ошону менен Курманбек Бакиевдин баарын жеке ишканаларга берүү реформасы ишке ашырыла баштады. Паралелдүү өкмөт “Ак жолго” да баш ийбейт. Ал түздөн-түз президентин кол астында болот, деп белгиледи Өмүрбек Текебаев. (AiT)


XS
SM
MD
LG