Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Петровка боюнча соттук териштирүү 20-октябрда уланат


Бул тууралуу адвокат Азимбек Бекназаров “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү соттук териштирүүдө жабырлануучулар суралды. Жыйырмага чукул жабылануучулардын бирөөсү да “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев жана Уран Рыскуловго каршы көрсөтмө берген жок. Соттолуучулар жана алардын адвокаттары келерки соттук териштирүүгө күбө катары президенттик администрациянын жетекчиси Данияр Үсөновду, ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди чакырууну сунушташты. Белгилүү болгондой апрель айында Петровка айылында болгон баш-аламандыкты уюштурган деп Э.Бөлөкабев, С.Аргынбаев жана У.Рыскулов камакка алынган жана аларга каршы кылмыш иши козголгон. Учурда соттук териштирүүлөр Москва райондук сотунда жүрүп жатат. Оппозиция муну саясий куугунтук катары баалап жатат.(AiT)

XS
SM
MD
LG