Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Пакистанда бир нече кол салуу болду


Пакистандын Лахор шаарында согушкерлер полициянын кеңселерине кол салып, 26 кишини атып кетишти. Бийлик бир нече саатка созулган ок атышуудан кийин шаардагы кырдаал жөнгө салынганын билдирди. Расмий маалыматка ылайык, кол салгандардын ону өлтүрүлгөн, же өздөрүн өздөрү жардырып жиберишкен. Түндүктөгү Кохат калаасында жанкечти полиция бөлүмүнүн жанында машинасын жардырып, кеминде 8 киши набыт болду. Бул аралыкта Пакистан өкмөтү Ооганстан менен чек арадагы Түштүк Вазиристан аймагында согушкерлерге каршы операцияга даярданып жатат.

XS
SM
MD
LG