Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

Кишиневдогу жардыруудан кырктай киши жараат алды


Молдованын борбору Кишиневдо кечээ концерт өтүп жаткан чакта жардыруу болуп, 40тай киши жараат алды. Ачык асман алдындагы концерт шаар күнүнө карата уюштурулган. Ага негизинен жаштар катышып жаткан. Тез жардам берүү кызматынын дарыгери 5 киши ооруканага жаткырылганын маалымдады. Ички иштер министри Виктор Катандын айтымында, алгачкы иликтөө согуштук граната жарылганын көргөздү. Бирок аны бейбаш жаштар, террористтер же башка бирөө жардырганбы - бул азырынча белгисиз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG