Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:59

Израил Түркиянын элчисинен түшүндүрмө талап кылды


Израилдин тышкы иштер министри Түркиянын Тел-Авивдеги элчисин чакыртып, түшүндүрмө берүүнү талап кылды. Айрым кабарларга караганда, түрк телевидениеси израилдик аскерлердин балдарды өлтүрүп жатышын көргөзгөн. Израил тышкы мекемесинин жетекчиси Авигдор Либермандын ырастоосунда, түрктөрдүн мамлекеттик телеканалынан көргөзүлгөн программа Израилге каршы жек көрүүчүлүккө тукуруу болуп саналат. Анкаранын расмий комментарийин алуу азырынча мүмкүн боло элек. Израил менен Түркия коргонуу тармагында жылдар бою тыкыз кызматташып келген. Бирок Израил былтыр Газа тилкесинде согушкерлерге каршы жүргүзгөн операциядан кийин тараптардын алакалары начарлай түштү. Операция маалында жүздөгөн карапайым палестиндер каза тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG