Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Кикбоксчулар эл аралык мелдештен байгелүү кайтышты


Жалал-Абад облусундагы кикбокс федерациясынын президенти Алишер Акимбаев Ялта шаарында кикбокс оюну боюнча 1- 5- октябрда эл аралык мелдеш болгонун билдирди. Ага Кыргызстандын намысын коргоп, Жалал-Абад жана Ош облустарынан барган 8 спортчу 2 алтын, 2 күмүш, 3 коло медаль утуп алган. Анда өлкөнүн балбандары 21 мамлекеттин ичинен 4- орунга чыгышкан. ( 1- орунду Россия, 2 – Украина, 3- орунду Голландия алган ) Жалал-Абаддагы "Чыгыш" спорт клубунун кикбоксчусу 54 килограммдык салмакта Абай Махмуджанов жана 63, 5 килограммдык салмакта өзгөндүк Азизулла Мавлянов алтын медаль утуу менен кикбокс оюну боюнча дүйнө чемпиону болуп кайтышты. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG