Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Думадагы "козголоң"


Москва -- 11-октябрдагы шайлоонун бурмаланган натыйжаларына нааразылык билдиргендерди коопсуздук күчтөрү кууп таркатып, айрымдарын кармап кетишти. 12-октябрь 2009-жыл.
Москва -- 11-октябрдагы шайлоонун бурмаланган натыйжаларына нааразылык билдиргендерди коопсуздук күчтөрү кууп таркатып, айрымдарын кармап кетишти. 12-октябрь 2009-жыл.

Коммунисттер фракциясы азырынча Мамлекеттик думанын ишине катышпайт. Ал эми "Адилеттүү Россиянын" жана ЛДПРдын депутаттары бүгүн жумушка чыгышат. Үч фракция 11-октябрда жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүлгөн шайлоого жана анын натыйжаларына нааразылык билдирип, Мамдуманын ишине бойкот жарыялашкан эле.

Кечээ компартиянын борбордук комитетинин президиуму жыйын өткөрүп, президент менен пландалып жаткан жолугушуу болмоюнча өз фракциясына Думанын ишине катышпай турууну сунуш кылды.

"Өзүңөр көрүп турасыңар, биз ар түрдүү көз карашта тургандарбыз – "Адилеттүү Россия", ЛДПР жана компартия, бирок биз баарыбыз жыйындар залынан чыктык, ага кайтып барбайбыз. Шайлоонун жыйынтыктары боюнча парламенттик иликтөө өткөрүүнү талап кылабыз",- деп айткан эле шаршемби күнү компартиянын мүчөсү Николай Харитонов.

Либерал-демократтардын лидери Владимир Жириновский да бийлик демократияны мазактап, майканын чыгарып салганын, шайлоого бүт өлкө күлүп жатканын айтып, добуштардын баарын кайра санап чыгууну, Москвада, Мары Эл республикасында, Тула областында эмдиги жылы мартта жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылган эле.

Бирок бейшемби күнү Жириновский президент Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн соң ЛДПРдин фракциясы жума күнү Думага кайтып келерин бышыктады.

"Адилеттүү россиячыларды" болсо "бирдиктүү россиячылар" бат эле ийге келтиришти. Путиндин партиясындагы ишмерлер үч фракциянын жоругун айыпташты. Думанын спикери Борис Грызлов муну "саясий собатаж" деп атады. "Единоросстордун" катчысы Вячеслав Володин саясатчылар соккуга чыдай билиши керектигин, бул жосуну менен үч партия дагы көп добуштан ажыраганын эскертти.

11-октябрда 75 региондо өткөрүлгөн шайлоодо мандаттардын дээрлик сексен проценттен ашууну бийликтеги "Бирдиктүү Россияга" тийген, Мосдумага коммунисттерден үч гана депутат шайланган, калган эки партия эчтемеге илинбей калган.

Думадагы лоялдуу оппозициянын оюнун Кытайда жүргөн премьер Владимир Путин да угуп: "Эгер шайлоонун акыйкат болгонуна ким бирөөнүн күмөнү болсо,анда сотко барып, муну далилдеп берсин, болбосо баары жаман, баары адилетсиз деп түгөнгүс кеп кыла берсе болот",- деп билдирди.

Бүгүн Думада үч фракциянын доомат-догу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуровдун түшүндүрмөсүн укканы жатышат. Кечээ Чуров маалымат жыйынын чакырып, "бойкотчулардын" кадамдарына андай же мындай деп комментария бергенден баш тартып, "мунун баары чет өлкөлүк мартабалуу коноктун визитине туштап, анын урматы үчүн уюштурулган саясат" болгонун белгиледи.

Добуштарды кайра саноо,жаңы шайлоо өткөрүү талаптарына токтолуп, Чуров мындай маселелерди жергиликтүү комиссиялардан башка эч ким – мамлекеттин жогорку кызмат адамдары, федералдык парламент, борбордук шайлоо комиссиясы, атүгүл сот органдары да чече албай турганын эске салды.

Думадагы фракциялар менен Медведевдин пландуу кезектеги жолугушуусу 27-октябрга белгиленген. Президенттин жардамчылары фракция башчыларын ага чейин кабыл алганга Медведевдин убактысы жоктугун айтышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Геннадий Райков такыктаган журналисттердин соболуна жооп берип, "бойкотчулар" кайда бармак эле, эки-үч күн өпкөлөп жүрүп,кайра келет, мандаттарын тапшырганга батымы жетпейт маанисинде божомол жасады.

Улутчул угуттагы "Башка Россия" кыймылынын лидери Эдуард Лимонов "думадагы козголоңчуларга" колдоо билдирип, бир партиялуу режимдин саясий зордугуна каршы "бунт" көтөргөн алардын "эрдигин" жогору баалады жана баарын "чыныгы орус патриотторуна" кошулуп, 31-октябрда бийликке каршы митингге чыкканга чакырды.

XS
SM
MD
LG