Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Жалал-Абадда салык башчылар сөгүш алышты


Облбийликтин бүгүнкү жыйынында Сузак райондук башкы архитектор кызматтан алына турган болду. Аталган жана Базар-Коргон райондук, Жалал-Абад шаардык салык башчылары сөгүш, Жалал-Абад шаар башчысынын 1-орунбасары Абдыкадыр Мамажанов эскертүү алды. Бул аймактарда ишкердикти өнүктүрүү начарлыгын атайын комиссия аныктаган. Жыйында айтылгандай, облус базарында бааны түшүрбөй кармап турган атайын топ бар. Тармактык кызматтар биргелешип иштебегендиктен ишкерлердин көбү катталбай, тапкан пайдаларын жашырууда. Базардагы сатуучулар менен ашкана кызматкерлеринин санитардык китепчелери толук эмес, болгондоруна сүрөтү чапталган эмес. Архитекторлор эл жүрчү көчөлөр менен эгин аянттарын турак-жай үчүн берип салышкан. (YA)

XS
SM
MD
LG