Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:57

Нарында "Жаш мугалимдер депозитинин" 6 оруну бош калды


Нарын облусунда 2009-2010-окуу жылында "Жаш мугалимдердин депозити" үчүн 50 орунга жалпысы 75 мугалим ат салышууга документтерин жиберишкен. Бирок кароо-сынакка 56 мугалим катышкан жана жыйынтыгында 44 мугалим сынактан өттү. Мындай маалыматты «Азаттыкка» облустук акимчиликтин башкы адиси Ысак Орозалиев билдирди. Теңиртоо аймагында 2004-жылдан тарта 193 жаш мугалим депозиттик программа алкагында жер-жерлерге жиберилсе, алардын он бири ар кандай себептер менен мектептерди таштап кетишкен. Ал эми 2007-жылы 12 мугалим топтолгон акчаларын алышса, 2008-жыл үчүн 18 мугалим акчаларын алуу алдында тургандыктарын кошумчалады Ысак Орозалиев. (KUs)
XS
SM
MD
LG