Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Башкаруу системасын реформалоо 20-октябрда башталат


Бул күнү президент К. Бакиев парламент депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана аткаруу органы менен жолугушуп, чоң жыйын курат. Бул тууралуу бүгүн парламентте ЖК төрагасы Айтибай Тагаев маалымдап, кесиптештерин жыйынга толук катышууга чакырды.
Мурда кабарлангандай 20-окятбрда президент К. Бакиев мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча өзүнүн сунуштарын коомчулукка жарыялашы күтүлүүдө.

Аталган реформа тууралуу президент К. Бакиев 1-сентябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө билдирген. Андан кийин президенттин алдындагы катчылык кызматкерлеринен түзүлгөн атайын жумушчу топ башкаруу реформасынын концепциясын иштеп чыгып, 22-сентябрда президентке тапшырышкан.

Оппозиция Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу системасы бекем орногонун белгилеп келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG