Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Оппозиция мүчөлөрүнүн соту келерки жумада уланат


БЭКтин маалымат кызматы кабарлаганы боюнча оппозициялык кыймылдын саясий бюро мүчөсү Исмаил Исаковго байланыштуу сот 19-октябрда уланат.
Ага коргоо министри болуп иштеп турган учурда кызмат абалынан пайдаланган деп айып тагылууда. Соттук териштирүүнү Бишкек аскердик гарнизондук соту жүргүзүүдө.

Петровка чатагына байланыштуу соттолуп жаткан “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин, “Болуш” ассоциациясынын президенти Сапар Аргынбаевдин жана укук коргоочу Уран Рыскуловдун үстүнөн сот иши 20-октябрда уланат.

Аларга 26-апрелде Петровкада баш-аламандык уюштурган деген айып тагылган. Буга чейин соттук жараяндарда көрсөтмө берген жабырлануучулар айыпталып жаткандарды баш-аламандык уюштургандардын арасынан көрүшпөгөнүн айтышып, аларга каршы дооматтары жоктугун билдиришкен.

“Жашылдар” партиясы жана “Болуш” ассоциациясы оппозициялык БЭКтин курамында. Аталган кыймыл сот жообуна тартылып жаткан мүчөлөрүн бийликтин саясий куугунтугуна алынып жатышат деп баалап келет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG