Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Р. Отунбаева: “ЖК –иш жүзүндө көп партиялуу эмес”


Мындай мазмундагы билдирүүнү бүгүн социал-демократиялык партиянын парламенттеги депутаты Роза Отунбаева таратты. Анда: “Парламент иш жүзүндө көп партиялуу эмес экендиги ачык эшиктер күнү да айгине болду, президент К. Бакиевдин көп партиялуу парламент түздүм деп мактанганы курулай сөз. Президенттин фракциясы үчүн микрофон дайыма иштейт, ал эми социал-демократтар фракциясы үчүн тынымсыз өчүрүлүп турат” деп айтылган. Билдирүү ээси май айында Кумтөр алтын кенине байланыштуу, кечээ жакында Камбар-Ата ГЭСтери тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда, деги эле президентке жана анын жакындарына зарыл болгон маселелерди кароодо жалаң “Ак жолчуларга” сөз берилип, төрага менен фракция башчысы партиялаштарын кубаттоого үндөп чыгарын баса белгилеген.

Билдирүүдө ЖК төрагасы А. Тагаев парламенттин регламенти тууралуу мыйзамды, тагыраак айтканда анын “төрага маселени талкуулоого катышуу үчүн депутаттык фракцияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзөт” деген жобосун көп учурда бузат деп айтылат.

Роза Отунбаева билдирүүсүнүн аягында ЖК төрагасы А. Тагаевди өткөн жыл үчүн кетирилген чыгашалары тууралуу маалыматты өз милдеттерине ылайык парламенттин кароосуна алып чыкпагандыгын белгилеген. “Регламент боюнча мындай жылдык отчет бюджеттик жыл аяктагандан бир жарым айдан кечиктирлбей, февраль айында берилүүгө тийиш болсо да бүгүнкү күнгө че йин унчукпай жүргөнү –мамлекеттик бийликтин бир бутагы болуп эсептелген ЖКте мыйзам бузуулар кеңири орун алганын, айкындуулук, калыстык принциптери ишке ашпай жатканын көрсөтүп турат” деп айтылат Р. Отунбаеванын кайрылуусунда.

ЖК төрагасынын маалымат катчысы А. Жумабаев социал-демократчы депутат Р. Отунбаеванын билдирүүсү чындыкка коошпой тургандыгын, төрага тарабынан фракцияларга бирдей мамиле жасалып келе жаткандыгын "Азаттыкка" билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG