Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

ММК тууралуу мыйзам тегерек үстөлдө талкууланат


Келерки жумада боло турган талкууда мамлекеттик органдар, Жогорку Кеңеш жана бейөкмөт уюмдар массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамга киргизилген толуктоолор боюнча ой-пикирлерин ортого салышат.

Иш-чараны “Интернет саясаты боюнча жарандык демилге” коомдук фонду парламент, “Медиа өкүлчүлүгү институту” жана КР маданият жана маалымат министрлиги менен бирдикте уюштурууда.

ММК тууралуу мыйзамга киргизилген айрым толуктоолор кээ бир маалымат каражаттарынын, журналисттердин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн катуу сынына кабылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG