Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:31

Иракта 60тан ашуун киши жарадар болду


Ирактын түндүгүндөгү Ниневех чөлкөмүндө жанкечтинин колунан бери дегенде 11 киши каза тапты, 60тан ашууну жарадар болду. Жанкечти Талафар шаарында суннилердин мечитинде жума намазы убагында туш келди ок ачып, белиндеги дүрмөттү жардырып жиберген. Мосулдун жанында жайгашкан Талафарда негизинен Ирак түркмөндөрү жашайт. Иракта кол салуулар былтыркыга салыштырмалуу азайганы менен, Мосул аймагында көп катталууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG