Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:01

Он эки хизбутчу кармалды


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат борбору кабарлады. Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери ички иштер кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн атайын изилдеп-кармоо иш чарасынынын негизинде өлкөнүн аймагында тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” диний экстремисттик уюмунун он эки мүчөсүн камоого алышкан. Уюмдун мүчөлөрүн кармоодо бир мылтык, ок дарылар, көп сандагы экстремисттик мазмундагы китептер, баракчалар, аудио дисктер кошо табылган. Учурда дагы изилдөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу окуя кайсыл жерде болгону айтыла элек. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG