Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

Өкмөт жалалабаттык дыйкандардан буудай сатып алууда


Облустагы фермерлердин билдиришинче, өкмөт он сомдон сатып алып жаткан буудайларга болгон талап күчтүү. Катуу жана 3-класстан жогору турган буудай облуста өстүрүлбөйт. Мамлекеттик кампага сатып алмак болгон буудайдын көлөмү да облус үчүн аз өлчөмдө бөлүнгөн. Базардагы баасы өтө арзан болгон жана өздөрүндөгү ашыкча эгинди дыйкандар кайда сатып, быйылкы эмгегин кантип актап алаарын билбей турушат. Облбийлик агроөндүрүш корпорациясы фермерлерден 700 тоннадай эгин алганын, өкмөттүн эки токтому боюнча облустан 5754 тонна буудай сатып алынаарын, экинчи токтом боюнча буудайдын сатып алуу баасы чечиле электигин билдирди. Быйыл Жалал- Абатта 153 миң тонна буудай жыйналган. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG