Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

Косовонун парламенти Македония менен чек ара келишимин ратификациялады


Эки тарап чек араны аныктоо боюнча макулдашууга бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишкен. Сүйлөшүүлөр АКШ менен Евробиримдиктин колдоосу астында жүргүзүлгөн. Эми бул окуя эки ортодо толук кандуу дипломатиялык мамиле орношуна алып барары күтүлүүдө. Мурдараак Македония Косовонун көз карандысыздыгын тааныган, бирок чек ара боюнча талаш жөнгө салынмайынча дипломатиялык алака орнотуудан баш тарткан болчу.

Косовонун премьер- министри Хашим Тачинин кечээ парламентте билдиргенине караганда, келишим “жакшы санаалаш коңшулук мамилени, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана стабилдүүлүктү сактоону” максат кылат.

Косово Сербиядан көз карандысыздыгын 2008-жылдын февралында жарыялаган. Азыркыга чейин аны 62 мамлекет тааныды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG