Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:54

О.Молдалиев: Чек ара дурус корголбогону далилденди


14-октябрь түнү Кыргызстандын чек арасын бузуп, бери карай кирип келишкен куралчан топту Кыргызстандын куралдуу күчтөрү кармай алган жок. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, ал куралчан топтун изи Тажикстандын Ворух анклавына карай кеткени байкалган.

Бул маселенин айланасында белгилүү саясат талдоочу жана аскерий адис Орозбек Молдалиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, бул окуя чек арадагы абалдын кейиштүү экендигин дагы бир жолу далилдегенин айтты.

Саясат талдоочунун пикиринде, Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишими уюму сыяктуу уюмдарга мүчө болуп, өз коопсуздугун кепилдегендей болгон. Бирок ушул кезге чейин чек ара жакшы корголбой, мындай уюмдарга мүчө болгондун бир тыйынчалык пайдасы көрүнбөй келет.

“Мурда чек арадан он эмес бир кылмышкер бери карай өтүп кетсе чоң жаңжал чыкчу. Азыр болсо чек арабыздан куралчандар ары-бери өтүп, оюнчук кылып алышты. Бул чек арага жакшы көңүл бөлүнбөгөндүктөн болууда”,- дейт талдоочу Орозбек Молдалиев.

Айта кетсек, Баткен облусуна Тажикстан тараптан куралчан топ кирип келген окуяга куйрук улаш Казакстанда ЖККУнун аскерий сыноосу өтүп, ага Кыргызстандын президенти жана куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Курманбек Бакиев 170 тандалма аскери менен катышып келди. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG