Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

МАГАТЭнин башчысы АКШ менен Иран түз сүйлөшүүсү керек деп эсептейт


Мохаммед эл –Барадейинин айтымында, АКШ менен Ирандын эч шартсыз түз сүйлөшүүсү - Тегарандын өзөктүк программасына байланышкан талашты чечүүнүн жалгыз жолу. Анын мындай көз карашы бүгүн Австриянын “Die Presse” басылмасында жарыяланды. Мохаммед эл –Барадейи белгилегендей, Иранга каршы жаңы санкциялар болгону “талашты гана курчутат”. МАГАТЭнин башчысы ага катар Иран менен дүйнөнүн ири алты өлкөсүнүн ортосунда келерки аптада өтө турган сүйлөшүүгө оптимисттик маанайда экенин кошумчалады. Ал кездешүүдө Ирандын уранын чет өлкөлөрдө кайра иштетүү маселеси талкууланаары күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG