Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:19

Түштүк Вазирстанда айгышкан уруштар жүрүүдө


Пакистандын Ооганстан менен чектеш бул аймагынан бүгүн мына ушундай маалыматтар түшүп жатат. Кечээ Пакистандын 30 миңден ашуун жоокери аймакты Талибан менен “ал-Каиданын” базаларынан тазалоо үчүн кеңири масштабда чабуул баштаган эле. Пакистан тараптын ырастоосунда, уруштун алгачкы 24 саатында 60 согушкер жок кылынган, ал эми армия 6 жоокерин жоготкон. Бирок бул сандарды башка көз карандысыз булактар тарабынан тактоо мүмкүн эмес. Чабуул акыркы эки апта ичи Пакистанда согушкерлерди удама-удаа кол салуулары 175тен ашуун адамдын өмүрүн кыйгандан кийин башталды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG