Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:12

Түрк фабрикасын ачуу боюнча сүйлөшүү жүрөт


Бул тууралуу Евразия медицина корунун маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, ноябрдын орто ченинде Бишкекке Түркиянын белгилүү “Рейсаш” фабрикасынын өкүлдөрү келип, Кыргызстанда фабриканын филиалын ачуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүшмөкчү. Алдын ала маалыматтарга ылайык, сүйлөшүүнүн алкагында Кыргызстанда жаңы технологияларды, айрым керектүү медициналык жабдыктарды жасоочу фабрика куруу пландалган. Фабрика ачуу тууралуу баштапкы сүйлөшүүлөр Кыргызстандагы Жүрөк, кан-тамыр жана өпкө оорулары боюнча адистердин ассоцияциясынын президенти Талантбек Батыралиев менен “Рейсаш” ишканасынын башкы директору Ахмет Бора Өзден мырзанын ортосунда жүрдү. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG