Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Чек ара бузуп кирген куралчан топтун бир мүчөсү кармалды


Баткен облустук ИИБ маалымат кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, 14-октябрда Кыргызстандын чекарасын мыйзамсыз бузуп кирген куралчан топ Тажикстандын Исфара районунда бөгүп жаткан жеринен жок кылынды. Кыргыз-тажик күч кызматтарынын биргелешкен операциясынын натыйжасында алардын төртөө өлтүрүлүп, бирөө кармалган. Операция учурунда алар күч кызматкерлерине каршы ок чыгарышып, атышуу болгон. Куралдуу топ жашырынып жаткан жерден пулемет, 2 автомат, 3 тапанча жана бир катар жардыргыч заттар табылган.

Учурда колго түшкөн киши Тажикстандагы ички иштер башкармалыгынын колунда кармалууда.

14-октябрда Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен Кожо-Карым ашуусун мыйзамсыз ашып кирген куралчан топ 16-октябрда Тажикстандын Ворух анклавына качып киргени тууралуу маалымдалган. Алардын баары тажик жарандары экендиги аныкталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG