Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

Элди бийлик эмес, бийликти эл көзөмөлдөсүн


Мындай мазмундагы кайрылууну “Кыргызстан патриоттук партиясы” бүгүн коомчулукка жолдоду. Партиянын баш катчысы Назарбек Нышановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча кайрылуу ээлери азыркы мамлекеттик системаны түп тамырынан бери өзгөртүүнү көздөйт. “Элдик курултай президенттик администрациянын алдында коюлуп калганы –президент элди өзү көзөмөлгө алганын көрсөтүп турат. “Кыргызстан патриоттук партиясы” бийликти жеке ээлөөгө, тоталитардык режим түзүүгө каршы. Бул мамлекеттик системаны түп тамырынан бери өзгөртүп, чыныгы демократиялык, элдик бийликти түзүү зарыл. Бийликтин бүт бутактарын эл көзөмөлдөп турууга тийиш. Кыргызстан коррупцияга белчесинен эмес, мойнуна чейин батты, ушул тапта адамдын жарык дүйнөгө келгенинен тартып, аркы дүйнөгө узаганына чейин акчасыз иш бүтпөй калды. Каардуу башкаруу деп айтылып келген СССРдин тушунда да бийликке каршы сөз айткан атуулдарга азыркыдай куугунтук болгон эмес,” дейт Н. Нышанов.

Кайрылуу ээлери ошондой эле жалпы демократиялык көз караштагы, чыныгы атуулдук сезими күчтүү, өлкөнүн келечегин ойлогон жарандардын баарын азыркы системаны түп тамырынан өзгөртүүгө чакырган.

Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо тууралуу өзүнүн сунуштарын 20-октябрда коомчулукка жарыя кылары айтылууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG