Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

Баткенде коопсуздук маселеси күчөтүлдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин түштүк боюнча орун басары Расулберди Раимбердиев маалымдады. Анын айтуусунда бүгүн кыргыз-тажик күч кызматтарынан биргелешкен операциясынын натыйжасында жок кылынган куралдуу топтун чек араны бузуп киргени, алардын ар кандай жогорку деңгээлдеги курал-жарактарды алып жүргөнү –алардын кандайдыр бир иш-чарага даярданып жатышынын да белгиси болушу ыктымал. Ошондуктан, аймактагы коопсуздук маселесин күчөтүү боюнча күн сайын облустагы бардык күч структураларынын катышуусу менен жыйындар өткөрүлүүдө. “Азыр аймакта кырдаал стабилдүү. Чек арачылар да, милиция да күчөтүлгөн режимде иш алып барып жатышат,” дейт министрдин орун басары.

14-октябрда Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен Кожо-Карым ашуусун мыйзамсыз ашып кирген куралчан топ 16-октябрда Тажикстандын Ворух анклавына качып киргени тууралуу маалымдалган. Алардын баары тажик жарандары экендиги аныкталган. Кыргыз-тажик күч кызматтарынын биргелешкен операциясынын натыйжасында куралчан топ бүгүн түндө Тажикстандын Исфара районунда бөгүп жаткан жеринен жок кылынганы кабарланган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG