Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Социалдык кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктар берилди


Президент Курманбек Бакиев “Республиканын социалдык жактан коргоо чөйрөсүнүн кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө” жарлыгына кол койду. Ага ылайык республиканын калкын социалдык жактан коргоо жагына сиңирген эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам социалдык фондунун ички аудит башкармасынын башкы адиси Нуржан Исаковага жана Баткен облусунун Лейлек райондук социалдык фонд башкармасынын жетектөөчү адиси Бактыгүл Ниматовага берилди. Ошондой эле бул тармактын бир катар кызматкерлери ардак грамоталарына ээ болушту.(AzK)

XS
SM
MD
LG